Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Ысык. Темирди кызуусунда сок (макал). Кызуусунда алдагыны бери тарт, Кыя чапчу кыйын уста оңунда (Осмонов) 2. Өнүгүп-өрчүгөн, дүркүрөп күчөп турган, сууй элек, кызыган (сезим, көңүл,кубулуш, окуя ж. б. жөнүндө). Жаштыктын кызуусунда, күчүң барда, Тартынбай табың үчүн түш майданга (Элебаев). Татыбек кызуу уйкуда (Байтемиров). Кыз-келин кызуу орокто (Мидин). Чогулушта кызуу талкуу башталды (Каимов). 3. Кызымтал, анча мас эмес. Жолбунов ичип алып кызуу келген экен (Убукеев).